Чүй облусунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №19 абакта аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 17-сентябрь күнү болгон. Аскер кызматкери контракттык негизде иштеп жаткан.
"Учурда биз эч кандай маалымат бере албайбыз. Азыр бул ишти аскер прокуратурасы карап жатат. Тергөө аяктаган соң биз маалымат беребиз", - деди басма сөз кызматы.
Ал эми айрым жергиликтүү маалымат каражаттары аскер кызматкери октон каза болгонун жазышууда.