Борбор калаанын милиция кызматкерлери уурулукка шектүү эки жаранды кармашты. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 11-сентябрь күнү Биринчи Май РИИБине С.А. аттуу жаран кайрылып саат 18:00дөн 20:45ке чейинки аралыкта анын үйүнө белгисиз жарандар кирип, 300 миң сомдук алтын буюмдарын, Samsung телефонун жана акчасын уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүү боюнча арыз менен кайрылган.
Бул факты Биринчи Май РИИБинде "уурдоо" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, териштирүү иштери башталган.
Биринчи Май РИИБинин жана Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2002-жылы туулган А.Н. жана 2003-жылы туулган К.А. аттуу жарандар кылмышка шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.