Канар аралдарынын архипелагынын бир бөлүгү болгон Испаниянын Пальма аралында жанар тоо атылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жарылуунун алдында сейсмикалык активдүүлүк күчөгөн. Окумуштуулар буга чейин аталган жерден 22 миңден ашык жер титирөөнү катташкан.
Жергиликтүү бийлик жанар тоонун атылышынан улам беш миңдей кишини эвакуациялады. Жабыркагандар боюнча маалыматтар тактала элек.
Испаниянын премьер-министри Педро Санчес учурдагы кырдаалга байланыштуу Нью-Йоркко кетүүнү кийинкиге калтырып, аралга келди.
Белгилей кетсек, жанар тоонун атылуусу акыркы жолу 1971-жылы катталган.