Франциялык "ПСЖ" клубунун машыктыруучусу Маурисио Почеттино "Лионго" каршы оюнда чабуулчу Лионель Мессини эмне үчүн алмаштырганын айтты. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
Белгилей кетсек, кечээ, 19-сентябрда Франция Лигасынын алкагында "ПСЖ" клубу "Лионго" каршы оюн өткөргөн. Беттешке белгилүү футболчу Лионель Месси негизги курамда чыккан. Бирок оюндун 76-мүнөтүндө машыктыруучу Маурисио Почеттино алмаштыруу жасап, Мессинин ордуна коргоочу Ашраф Хакимини чыгарган.
Лионель Месси машыктыруучунун бул чечимине нааразы болгондой түр калтырып, талаадан кетип бара жатканда машыктыруучу менен кол алышпай койгон. Бул көрүнүш интернет тармактарында кызуу талкууга алынган эле.
Ал эми башкы машыктыруучу Маурисио Почеттино маалымат жыйын учурунда мунун себебин түшүндүрдү.
"Биздин 35 адамдан турган командабызда мыкты оюнчулар өтө көп экендигин баары билет. Ал менин чечимим болгон. Талаада бир убакта 11 гана оюнчу ойной турганын билесиңер. Мен башка машыктыруучулар сыяктуу эле ар бир оюнда ар бир оюнчу үчүн туура чечимдерди кабыл алууну гана ойлоном. Биз бул жакта чечим кабыл алуу үчүн турабыз. Кээде ал чечимдер кимдир-бирөөнү кубантса, кээ бирлери үчүн анчалык кубанычтуу боло бербейт", - деп билдирген машыктыруучу.
Бул оюнда "ПСЖ" 2:1 эсебинде жеңишке жетишкен. Ал эми Лионель Месси "ПСЖдагы" 3-оюнун өткөрдү. Азырынча ал эч кандай гол жарата элек.