Ошто "АКС-74У" үлгүсүндөгү автоматты сатам деп кардар издеп жаткан 65 жаштагы жаран кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз сакталган "АКС-74У" үлгүсүндөгү автомат алынды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына ушул айдын башында Жора аттуу жарандын «Калашников» үлгүсүндөгү автоматын сатуу үчүн кардар издеп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал автоматты 20 миң сомго баалаган.
Кызматкерлер жаранга өздөрүн сатып алуучу адам катары тааныштырышып, байланышка чыгышкан. Бирок курал саткан адам бир нече күн жооп бербей, сактанып, кардарларды текшерип жатып акыры макулдугун берген. Натыйжада 18-сентябрь күнү автоматтын 2 магазини, 21 огу менен «АКС-74У» үлгүсүндөгү ок атуучу куралды сатып жаткан учурда милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 1956-жылы туулган Ж.Ж. аттуу тургуну кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Атайын экспертизанын жүрүшүндө алынган курал ок атууга жарактуу экендиги аныкталган. Учурда курал-жарак кайдан алынгандыгы, мыйзамдуу кимге таандык экендиги аныкталып жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан