"Ислам мамлекети" террордук уюму Ооганстандын чыгышындагы жардыруулар үчүн жоопкерчилик алды

"Ислам мамлекети" деп аталган террордук уюм Ооганстандын чыгышындагы бир катар жардыруулар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кол салуу өлкөнүн чыгышындагы Нангархар провинциясынын Желалабад шаарында болгон. Куралдуу топ ишемби жана жекшемби күнкү жардырууларга таянып, 35тен ашуун талиб согушкери өлтүрүлгөнүн же жарадар болгондугун билдиришкен.

Ал эми талибдер курман болгондордун саны боюнча эч кандай пикир билдиришкен жок.

Белгилей кетсек, бул жардырууда кеминде сегиз адам, анын ичинде бир нече талиб согушкерлери каза тапкан. Жаракат алгандардын арасында жаш балдар жана аялдар да болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ala.too.456
2021-09-21 02:56:01
Бул ислам мамлекети деген акш нын эле игрушкаларыда, мусульман менен мусулманды уруштурган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан