Жалал-Абадда жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Ак-Баш айылында жолдун боюнда Форд Фокус үлгүсүндөгү жеңил унаасы толук күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылды. Өрт саат 12:00дө курчоого алынып, саат 12:17де толук өчүрүлдү.
Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусунан болгон. Бактыга жараша, эч ким жаракат алган эмес.