Август айында социалдык тармактарда белгисиз эркек киши Токмок шаарындагы мечиттен садака кутусунан акча уурдап жаткан видео тараган. Уурулукка шектелген жаран кармалганын Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, аталган факт Токмок ШИИБине "уурулук" беренеси боюнча катталган. Тергөө жана ыкчам иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү катары 31 жаштагы М.А. аттуу жаран кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Чүй облусунда жана республиканын башка региондорунда, ушул сыяктуу башка дагы уурулук фактыларына тиешеси бар экендиги такталууда. Бардык фактылар боюнча текшерүү иштери улантылууда.