Жүргүнчүнүн каза болгонуна байланыштуу учак Сочиге шашылыш түрдө конду

Анталиядан Екатеринбургга бараткан "Ural Airlines" авиакомпаниясынын учагы борттогу жүргүнчүнүн өлүмүнө байланыштуу Сочиге шашылыш түрдө конду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Анталия-Екатеринбург багыты боюнча бара жаткан учакта жүргүнчү аялдын ден соолугу начарлап кеткен. Медициналык жардамды өз убагында көрсөтүү үчүн учактын командири жакынкы Сочи аэропортуна шашылыш конуу чечимин кабыл алган. Дарыгерлер жана экипаж мүчөлөрү жүргүнчү аялга биринчи жардамды көрсөтүшкөн, бирок аял аэропортко жетпей каза болгон.

Сочи аэропортунун маалыматы боюнча, каза болгон жүргүнчү 1959-жылы туулган.

Белгилей кетсек, буга чейин дагы Южно-Сахалинск-Москва аба каттамы боюнча учак жүргүнчүлөрдүн биринин ден соолугуна байланыштуу авариялык конуу жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан