"Мага ок чыгарды". Тимур Бекмансуровду бутка аткан полиция кызматкери аны кантип кармагандыгын айтып берди (видео)

Орусиядагы Пермь шаарындагы изилдөө университетинин имаратына кирип ок чыгарган 18 жаштагы Тимур Бекмансуровду кармаган полиция кызматкери Константин Калинин окуя тууралуу айтып берген видеосу социалдык тармактарга жарыяланууда.

Анын айтымында, ок атуу тууралуу маалымат түшкөн учурда ал жол кырсыгын каттоо менен алек болуп жаткан. Калинин жана анын өнөктөшү окуя болгон жерге барганда, адамдардын окуу жайдан качып чыгып жатканын көрүшкөн.

"Экинчи кабатка чуркап барсам, куралчан жигит тепкичтен түшүп келе жатканын көрдүм. Мен ага "куралды ташта" деп кыйкырдым. Ал мага куралын көрсөтүп, ок чыгарды. Ошол себептүү мен ок атуучу курал колдондум. Ал жыгылды. Мен анын жанына чуркап барып куралын, ок-дарыларын жана бычагын алдым. Андан соң ага биринчи жардам көрсөтүлө баштады", - деп бидирген ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 20-сентябрда Орусиянын Пермь шаарындагы изилдөө университетинде 18 жаштагы Тимур Бекмансуров аттуу жаран студенттерге жана мугалимдерге ок чыгарган. Анын кесепетинен 6 адам каза болуп, 28и жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KG-312
2021-09-20 18:42:14
Биздин мелийсолар болгондо өздөрү ок жеп, анан качырып иймек.
-5
Sajakat14
2021-09-21 09:55:35
Сүрөтүндө милиция кыргызга окшош экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан