19-сентябрь күнү Пермдеги изилдөө университетинде 18 жаштагы Тимур Бекмансуровдун огунан жалпы 6 адам каза болуп, 28 адам жаракат алды. Каза болгондордун ичинен 2 адамдын аты-жөнү аныктала элек. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Ок чыгаруудан каза богон 6 адамдын тизмеси: 1) Ярослав Арамиев, 20 жашта;
2) Александра Мохова, 20 жашта;
3) Анна Айельгина, 25 жашта;
4) Маргарита Энгаус, 66 жашта;
5) Белгисиз кыз;
6) Белгисиз кыз.
Алдын ала маалымат боюнча, жарадар болгондордун саны 28. Жабыркагандардын тизмеси дагы такталууда. Жаракат алгандардын тизмесинде Тимур Бекмансуров дагы бар. Ал учурда оор абалда ооруканада жатат.