Пермь шаарындагы изилдөө университетинде ок атуудан улам каза болгондор үчүн 21-сентябрь Аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу аталган аймактын губернатору Дмитрий Махониндин билдирүүсүнө таянып, орус басылмалары жазып чыгышты.
"Эртең Пермь шаарында Аза күтүү күнү болот. Бүгүн бардык окуу жайларда окуу процесстери токтотулду", - деп билдирген ал.
Белгилей кетсек, бүгүн, 20-сентябрда Орусиянын Пермь шаарындагы изилдөө университетинде 18 жаштагы Тимур Бекмансуров аттуу жаран студенттерге жана мугалимдерге ок чыгарган. Анын кол салуусунан 6 адам каза болуп, 28 адам жаракат алган.