Пермдеги университетте ок чыгарган Тимур Бекмансуровдун атасы: "Азыр дагы өзүмө келе албай жатам. Ал өзү эмне кылган?"

Орусиянын Пермь шаарындагы мамлекеттик университетинде ок чыгарып, 8 адамдын өлүмүнө, 28 адамдан жаракат алышына себепчи болгон Тимур Бекмансуровдун атасы уулунун мындай кадамга барганына ишене албай турганын айткан. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

"Өзүм дагы нес абалда калдым. Азыр өзүмө келе албай жатам. Ал өзү эмне кылган? Алгач мага апам чалып айтты. Мен нес абалда калдым. Андан соң мурунку жубайыма чалдым. Ал дагы полиция кызматында суракта отурган экен. Угуп алып ал дагы түзүк бир нерсе дей алган жок", - деген Бекмансуровдун атасы.

Ошондой эле ал буга чейин уулу эмне менен алек болуп жүргөндүгүн билбей тургандыгын айткан.

"Аны менен канчалык пикир алышып, сүйлөшүүгө аракет кылганым менен ал тек гана компьютер менен алек болчу. Мен ага эмнеге сейилдөөгө чыкпайсың десем "сейилдөөнү жактырбайм, компьютерде отурам" деп жооп берчү", - деп кошумчалаган ал.

Окуянын чоо-жайы:

20-сентябрда саат 11:00 чамасында белгисиз адам Орусиянын Пермь шаарындагы мамлекеттик университетинде ок чыгарып, андан 4 адам жабыркаган. Кийинчерээк ок чыгарган 18 жаштагы Тимур Бекмансуров полиция кызматкери Константин Калинин тарабынан кармалган. Ал Пермь шаарындагы изилдөө университетине ок атууга кеминде 6 ай даярданган. Ок атуудан 8 адам каза таап, 28 адам жабыркаган. Ошондой эле Пермь шаарындагы изилдөө университетинде ок атуудан улам каза болгондор үчүн 21-сентябрь Аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Бул окуяда каза болгон жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок экендиги айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KG-312
2021-09-21 00:48:18
Такай эле компьютерде отурса, анда жанагы убойная играларды ойноп үйрөнгөн экенда киллер болушту.
+5
KaGaH
2021-09-21 00:58:22
Реальный пабж ойноптур топ 1 ге жетем деген го
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан