Ырчы Мирбек Иманбеков ден соолугуна байланыштуу Түркияга барат

Ырчы Мирбек Иманбеков ден соолугуна байланыштуу Түркияга кетет. Ал Стамбул шаарындагы клиникалардын биринде медициналык текшерүүдөн өтөрү өзү менен байланышканыбызда маалым болду.

"Ооруканадан чыккам, Бишкектемин. Жакында Түркияга барып текшерүүдөн өтөм. Ошонун жыйынтыгына ылайык дарыланам. Азырынча Бишкектен же Түркиядан дарыланарым белгисиз", - деди ал.

Буга чейин Мирбек Иманбеков катуу ооруп жатканы ырчынын жубайы Бурул айым тарабынан белгилүү болгон. Анда ал жолдошу үчүн дуба кылып коюуну суранган. Кийинчерээк ырчынын өзү менен байланышканыбызда ашказаны ооруп, ооруканага кайрылганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
suban78
2021-09-21 09:12:32
Эртерээк айыгып кет.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан