Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде кол салууну жасаган Тимур Бекмансуровдун атасы баласынын бул кылганына дагы деле ишене албай тургандыгын орус басылмаларына билдирген.
Маалыматка ылайык, Марат Бекмансуров аскер адамы. Ал башка шаарда экенин жана конкреттүү эч нерсе айта албастыгын белгилеген. Ал сурак берүү үчүн Пермге келиши керектигин кошумчалаган. "Мен өзүм дагы эле нес абалындамын. Өзүмө келе албай жатам. Ал эмне кылып салды?", - деген Марат Бекмансуров.
Ошондой эле ал бул окуяны уулунун апасынан укканын, ал полицияда сурак берип жатып ага чалганын айткан. "Ал дагы нес абалында. Ал эмне деп сүйлөп жатканын өзү деле түшүнгөн жок", - деген кол салуучунун атасы.
Марат Бекмансуров баласы менен канчалык баарлашпасын, аны компьютер оюндары гана кызыктырып калганын, эшикке чыкпай үйдө эле отургусу келип калганын кошумчалаган.
Кечээ, 20-сентябрда Пермь шаарындагы университетте 18 жаштагы Тимур Бекмансуров ок чыгарган. Кол салуудан 6 адам каза болуп, 28 адам жаракат алган. Жаракат алгандардын ичинде Тимур Бекмансуров дагы бар.