Саны чектелүү. Германияда канцлер Ангела Меркелдин образындагы оюнчуктар жасалууда

Германиянын Кобург шаарындагы жумшак оюнчуктарды чыгарган компания учурдагы канцлер Ангела Меркелдин образындагы уникалдуу аюуну (оюнчук) жасап чыгарды. Муну менен алар бийликтен кетип жаткан канцлерге урмат көрсөтүүнү каалашкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, оюнчуктун бийиктиги 40 сантиметр. Ал үстүнө ачык кызыл куртка жана кара шым кийип турат. Моюнунда болсо Германиянын желегинин түсүнө боёлгон шурулар тагылган. Ал эми чач жасалгасы так эле Ангела Меркелдикине окшош.

Адаттан тыш мындай оюнчуктун баасы 189 еврого (19 миң сом) бааланууда. Андан 500 даана чыгарылары айтылды. Алардын ичинен бирөө сувенир катары өлкө башчысына тапшырылат. Ал эми Ангела Меркель өзү канцлердик кызматты аркалаган 16 жылдын урматына 16-номердеги аюуну алары кабарланды.

Белгилей кетсек, аталган компания көп жылдан бери белгилүү адамдардын образын чагылдырган ар кандай оюнчуктарды жасап келет. Буга чейин АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын, Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II жана Германиянын экс-канцлери Гельмут Шмидттин кейпиндеги оюнчуктарды жасап чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2021-09-21 09:58:42
Кытайга айтса 100 эле сомдон миллионду жасап беришет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан