Швецияда түгөйлөрдүн ымыркайына Владимир Путин деген ысымды ыйгаруу чечими четке кагылды

Швециядагы үй-бүлөлөрдүн бирине жаңы төрөлгөн ымыркайына Орусиянын президенти Владимир Путиндин ысымын берүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда түгөйлөр ымыркайына президент Владимир Путиндин ысымын ыйгарууну чечип Мамлекеттик салык агенттигине кайрылышкан. Швециянын мыйзамдарына ылайык, балага коюлган ысым салык агенттиги тарабынан бекитилүүгө тийиш. Бирок агенттик ал ысымды каттоодон баш тарткан. Ал эми анын себебин "ыңгайсыздык жаратат" деп гана түшүндүрүшкөн.

Аталган агенттик айрым учурларда балага коюла турган атты жагымсыз же ыңгайсыз деп тапса каттабай коюуга укугу бар. Мына ушул укугунан пайдаланып, буга чейин баласына Q, Майкл Жексон, Форд, Пильзнер сыяктуу ысым ыйгаргысы келген ата-энелердин сунушун четке какканы кабарланган.

Бирок кызыгы ымыркайга Гугл деп ат коюуну каалаган үй-бүлөгө уруксат берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан