Ошто ага-ининин ортосундагы уруш өлүм менен аяктады. Агасы ачуусу менен бычак сайган (сүрөт)


Ош шаарындагы Манас-Ата кичи районунда бир туугандар ортосунда уруш чыгып, бычактан алган жаракатынан улам иниси каза болду. Ош ШИИБинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, окуя бүгүн, 21-сентябрда эртең менен орун алды.

"1993-жылы туулган М.Д. аттуу жаран эртең менен мас абалында үйүнө барып бир тууган агасы менен уруша кеткен. Алардын жаңжалына апасы аралашып, саат 6 жарымда баланы эс алсын деп жаткырып коюшкан. Бир аз убакыт өткөндөн кийин М.Д. агасына келип кайра уруш чыгарган. Бул учурда агасы ачуусу менен инисинин санына бычак сайган. Алган жаракатынан улам М.Д. каза болду. Агасынын айтымында, иниси күндө ичип келип, жаңжал салчу", - дешти мекемеден.

Бир тууганынын өлүмүнө шектүү 1990-жылы туулган. Убактылуу эч жерде иштебейт, ажырашкан, бир кызы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nursul
2021-09-21 10:46:10
Эмне дешти да билбейсин, уят деген нерсени көпчүлүк адамдар билбей баратышат агасы апасынын алдына кантип мас болуп барышат бети кантип чыдайт болду экен ошого. Агасы да ачууга алдырып коюптур анчалык эле чыр салса колу бутун байлап сарайга таштап койсо болмок 1 2 күн эч нерсе бербей, алы жетпесе алдап уктатып анан байлап койсо эле жалдырамак онолмок.
+6
Jacob.
2021-09-21 11:15:45
Барган сайын адамдар нервтен кете башташты, болоор болбос нерсеге жинденип ачууланып..
+4
Aky12
2021-09-21 13:55:46
Ичкен адам жакындарын кандай кыйноого салаарын башынан откон гана адам билет.. Ичкен да оору дейбиз,бирок "ичкен" оорудан коро,башка оору мн ооруса, элден намыс кылбай ооруп жатат деп, ээрчитип журуп айыктырмакпыз...
+9
Aidar.001
2021-09-22 00:45:15
Ажырашкан, бир кызы бар, анан колунда 0, 5 газдалбаган суусу да бар.
-3
Medina87
2021-09-22 01:00:39
Aidar.001,
Кудайга тообо десенизчи андан кору.
"Чужая семья - Темный лес" Окендер айткандай.
-1
KG-312
2021-09-22 03:43:23
Күндө ичкендердин акыры өлүмда. Андайлар ушуну эле көрмөк өзү. Апасы, агасына сабр берсин. Жеендерден окшойт.
-2
Kg-04
2021-09-22 20:07:35
KG-312,бироонун омуруно кол салуу бол бул албетте кылмыш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан