Орусияда мамлекеттик Думага болгон шайлоонун жыйынтыгына макул болбогон Коммунисттик партиянын (КПРФ) тарапташтары борбордогу Пушкин аянтына митингге чыгышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазды.
Маалыматка ылайык, нааразычылык акциясына эл менен бирге коомдук байкоочу комиссиянын мүчөлөрү, мамлекеттик Думанын депутаттары (аталган партиядан) да катышкан. Алар бул жолку шайлоодо киргизилген аралыктан электрондук түрдө добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланганын айтып чыгышты.
Аны менен бирге "Саясий туткундарга эркиндик", "Уят", "Биз бул жерде бийликтебиз", "Навальный" деген сыяктуу ураандарды чакырышкан.
Ал эми Москванын аймактык коопсуздукту камсыздоо жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы Коммунисттик партиянын нааразычылык акциясы эч кандай карантиндик чектөөлөрдү сактабаганын билдирди. Себеби учурда аталган аймакта массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган.
Буга чейин Коммунисттик партия ар биринде 5000ге жакын адам катышкан акцияларды өткөрүүгө ниеттенип жатканы тууралуу билдирүү келип түшкөнүн билдирген.
Эске салсак, Орусияда мамлекеттик Думага болгон шайлоо 17-сентябрдан 19-сентябрга чейин болуп өттү.