Пермь: "Буралган бийкеч кезинде "кетишти". Каза болгон 6 адамдын сүрөттөрү жарыяланды

Пермдеги университетте Тимур Бекмансуров чыгарган октон улам каза тапкан адамдардын аттары жана сүрөттөрү жарыяланды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазды.

Тимур Бекмансуровдун ок чыгаруусунун айынан 6 адам каза тапкан.

1. Энгаус Маргарита Геннадиевна - 66 жашта;

2. Арамелев Ярослав Алексеевич - 19 жашта;

3. Самченко Ксения Павловна - 18 жашта;

4. Шакирова Екатерина Родомировна - 19 жашта

5. Айгельдина Анна Александровна - 26 жашта;

6. Мохова Александра Юрьевна - 20 жашта.

Каза болгондордун арасында 43 жылдан бери врач-эндоскопист болуп эмгектенген Маргарита Энгаус аттуу жаран да болгон. Ал жарым жыл мурда пенсияга чыккан. Ал эми окуя болгон күнү небереси менен окуу жайга сейилдеп келгени маалым болду.

Эске салсак Пермдеги университеттеги каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү орун алган. Анда Тимур Бекмансуров аттуу юридикалык факультеттин 1-курсунда окуган студент 12 калибрдүү куралы менен окуу жайга кирип келип, бир канча жолу ок аткан. Жан кечтинин огунан улам 6 адам каза таап, ондогону жаракат алган. Полиция кызматкерлери Тимур Бекмансуровду жарадар кылып колго түшүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
XATSAN125
2021-09-21 11:13:32
Бул салт болуп калды мектепти аткыламай орустарга
0
aslan_akjol89
2021-09-21 11:16:11
Азиядан барса террорист дешмек,оздорунон болсо псих больной эле болуп чыгат.Оружияны оздору берген акчасын алып.
+13
Kg-04
2021-09-21 12:53:04
aslan_akjol89, террористтин орус азиясы жок
-4
KG-312
2021-09-21 22:59:04
Kg-04,Буларда бар. Мусулман калкын, жана орто азияны терроризмге чыгарып койушкан.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан