Чүй облусунун Кемин районунда уурулукка шектүү жаран кармалды. Ал токтоп турган унааны айдап качып кеткенин Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 3-августта Кемин районунун тургуну укук коргоочуларга арыз менен кайрылып, таңга маал короодогу унаасын айдап качып кеткен жарандарга чара көрүүнү суранган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
"Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө Хонда Стрим унаасы Ысык-Ата районунан жараксыз табылып, шектүү катары 1996-жылы туулган М.У. кармалды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү уурулук фактысы боюнча Кемин райондук соту тарабынан издөөдө жүргөнү аныкталды. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайда, тергөө амалдары уланууда", - дешти мекемеден.