Милиция Таласта өзгөчө оор кылмышка шектелген жаранды табышууга көмөк сурайт

Талас облусунун Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмү тарабынан өзгөчө оор кылмышка шектелген жаран изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирет.

"Ушул жылдын июнь айынан бери Талас облусунун Кара-Буура районунун тургуну, 1971-жылы туулган Биримкулов Бактыбек Настаевич өзгөчө оор кылмыш ишин жасагандыгы үчүн ички иштер органдарынан изин жашырып качып жүрөт. Шектүү жаранга 1-июлда Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмү тарабынан издөө жарыяланган.

Өзгөчө белгилери: Бою 165-170 сантиметр, орто дене түзүлүштө, бети тоголок. Кимде ким Биримкулов боюнча кандайдыр бир маалымат билген болсо төмөндөгү байланыш телефондоруна кайрылып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 03422 5-27-79, 0500 56-76-76 же 102", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан