Бишкекте жасалма номер менен жүргөн айдоочу кармалды

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери жасалма номер менен жүргөн айдоочуну кармады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-сентябрда Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 16:00 чамасында Чүй кең көчөсү менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Hyundai Getz үлгүсүндөгү унаасын токтотушкан.

Кызматкерлер унаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 1993-жылы туулган Ш.Б. аттуу айдоочу өзүнүн унаасынын мамлекеттик номерин жасалма номерге алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган. Тактап айтканда, унаанын алдыңкы номери башка, арты башка, документинде такыр башка болгон.

Бул факты боюнча унаа убактылуу айып короого киргизилип, ал эми айдоочу Свердлов РИИБинин тергөө кызматына жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан