Борбордо бүгүн, 6-ноябрда Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата республикалык күзгү көргөзмө ачылат
Бишкекте Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде
бүгүн, 6-ноябрда Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата республикалык күзгү
көргөзмөнүн ачылышы болот. Анда жазуучунун чыгармачылыгына кайрылган кол
өнөрчүлөрдүн, графика, живопись, сүрөт искусствосунун чеберлеринин эмгектери
коюлат. "Заманбап үлгүдө жасалган чыгармалар да бар, бирок СССРдин көркөм сүрөт
мектебинен билим алгандардын эмгектери басымдуулук кылат. Көргөзмөнү эки бөлүккө
бөлүүгө болот. Биринчисинде Айтматовдун чыгармаларына түз кайрылуу болсо, экинчиси
жазуучунун философиялык ой- толгоолорун чагылдыруу. Иш-чаранын жүрүшүндө
Айтматовдун ааламын кабыл алуудагы өзгөчөлүктөрдү байкоого болот. Жазуучунун
чыгармачылыгынан эргүү алган скульптор, живописчи – Лидия Ильина, Тургунбай
Садыков, Аркадий Осташев, Белек Жумабаев, Владимир Буторин, Рифкат Бухарметовдун
жана башкалардын эмгектери көрсөтүлөт” дейт уюштуруучулар. Көргөзмө 6 –ноябрдан 20-ноябрга
чейин уланат. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр кеңешинин лауреаты
аныкталат.