Пермдеги университетте ок чыгарган 18 жаштагы Тимур Бекмансуров аткылоосун көчөдөн эле баштаган. Анын жүрүп бара жаткан унааны аткан видеосу социалдык тармактарга тарады.
Маалыматка ылайык, Бекмансуров университетке чейин такси менен келген. Ал таксиден университетке болжол менен 500 метрдей аралыкта түшүп калып, жүрүп бара жаткан унаанын айдоочусуна ок чыгарган. Андан кийин гана ал университетке барган.
Учурда ооруканада Тимур Бекмансуровду 18 полиция жана 2 ОМОН кызматкери кайтарууда.
Пермдеги университеттеги каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү орун алган. Анда Тимур Бекмансуров аттуу юридикалык факультеттин 1-курсунда окуган студент 12 калибрдүү куралы менен окуу жайга кирип келип, бир канча жолу ок аткан. Жан кечтинин огунан улам 6 адам каза таап, ондогону жаракат алган. Полиция кызматкерлери Тимур Бекмансуровду жарадар кылып колго түшүргөн.