Нью-Йоркто Бразилиянын президентин коронавируска каршы эмдөө албагандыгы үчүн ресторанга киргизбей коюшту

Бразилиянын президенти Жаир Болсонаруну коронавируска каршы эмдөө алгандыгы тууралуу сертификатынын жоктугунан улам АКШнын Нью-Йорк шаарындагы ресторандардын бирине киргизбей коюшту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Аталган шаарга барган бразилиялык делегациянын 2 мүчөсү президенттин көчөдө пицца жеп жаткан таң калычтуу сүрөтүн жарыялаган. Анда Жаир Болсонару делегация өкүлдөрү менен бирге "Манхэттен" мейманкасынын жанында тамактанып жатканын көрүүгө болот. Ал эми ресторандын жетекчилиги бул нерсени Нью-Йоркто ким гана болбосун вируска каршы эмдөө албаган болсо коомдук жайларга кирүүсүнө катуу тыюу салынганы менен түшүндүргөн.

Маалыматтарга караганда, бразилиялык делегация Нью-Йоркко Бириккен улуттар уюмунун башкы ассамблеясынын иш-чарасына катышуу үчүн барган жана жогорудагыдай жагдайдан улам алгачкы күнүн көчөдөн тамактануу менен өткөрүүгө мажбур болушкан..

Ушул тапта интернет айдыңында президенттин жөнөкөйлүгүнө таң берип, мактоо айткан пикирлер жайылууда.

Кийин жолугушууда Жаир Болсонару Англиянын премьер-министри Борис Жонсондун суроосуна жооп берип жатып чын эле эмдөө ала электигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан