Милиция кызматкерлери Нарында ондон ашык уурулук фактыларына тиешеси бар жарандарды кармашты. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын июнь айында Нарын шаарынын 1960-жылы туулган А.Д. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда белгисиз адамдар үйдөгү алтын жана күмүш зергер жасалгаларды алып кетип, болжол менен 70 миң сомдук материалдык чыгым келтирилгендигин билдиришкен.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (уурдоо) менен катталып, Нарын ШИИБи тарабынын сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Бул факты боюнча ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кочкор районунун 1998-жылы туулган тургуну, Ак-Талаа районунун 1990-жылы туулган тургуну кармалып, толугу менен күнөөлөрүн моюнуна алышкан.
Мындан сырткары Нарын шаарынын аймагындагы 10 үйгө жана Кочкор районунун Кочкор айылындагы 3 үйгө уурулукка киргендери аныкталып, күнөөлөрүн толук моюнуна алышкан. Шектүү Ак-Талаа районунун тургуну мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда тургандыгы аныкталды.