"Үмүт бар экенине ишенсек, бул кырдаалдан чыгабыз". "BTS" тобунун мүчөлөрү БУУнун сессиясында максаттары тууралуу айтышты

Түштүк кореялык популярдуу “BTS” тобунун мүчөлөрү Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында жакырчылык, теңсиздик, адилетсиздик жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдөгү өз максаттары тууралуу айтышты. Мындай маалымат аталган уюмдун Твиттер баракчасына жарыяланды.

“Биз глобалдык көйгөйлөргө, экономикалык кризиске дуушар болдук жана күбө болдук. Ал эми мындай учурда биз азыркы болуп жаткан окуяларга көз жумуп, бир орунда карап тура албайбыз. Эгерде баарыбыз үмүт бар экенине ишенсек, анда бул кырдаалдан чыгуунун жолун таба алабыз”, - деп билдиришкен топтун мүчөлөрү.

Буга улай эле “BTS” тобунун БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында "Permission to Dance" аттуу ырына тартылган клиби иш-чаранын жүрүшүндө көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары Түштүк Корея лидери Мун Чжэ Ин аталган топко корей маданиятын дүйнө жүзүнө жайылтканы үчүн ыраазычылык билдирген.

“Мен силердин k-pop жана корей маданиятын активдүү пропагандалоо менен Корея өлкөсүнүн даражасын көтөрүп жатканыңарга ыраазымын”, - деген ал.

Айтмакчы, 14-сентябрда расмий аземдин жүрүшүндө өлкө башчысы “BTS” тобу президенттин элчиси болуп дайындалгандыгы тууралуу күбөлүктү, ошондой эле 199 өлкөгө визасыз чыгууга уруксат берген дипломатиялык паспортту жана белек катары сыя калемди тапшырган.

Белгилей кетсек, аталган топтун мүчөлөрү БУУнун президентинин келечек муундар жана маданият үчүн атайын өкүлдөрү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
TIMON_BERKOWITZ
2021-09-21 21:22:18
Булар эркектерби же кызтекелерби?
+2
alimbek94
2021-09-21 21:59:16
Корея молодец. Абдан билимдүү, өнүккөн, эмгекчил максаттуу элдер. Канчалаган кыргыздар ошол жактан иштеп күн көрүп келе жатышат. Корея, Европада бизге окшоп бирөөнүн жеке жашоосун, жеке мамилесин ушак кылышпайт.
0
Mister-XXX
2021-09-22 19:43:49
alimbek94,Ушул нерсени биринчи өзүңдөн баштасан.Ар бир коментарийиңде бирөөнү сындап,ушактап эле жүрөсүң.Же менин айтканым жалганбы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан