Кечээ, 5-ноябрда маалымат жана басма сөз күнүнө карата Бишкектеги Улуттук китепканада “Кылым карыткан кыргыз басма сөзүнө 100 жыл” аттуу китеп көргөзмөсү болуп өттү. Ошо менен катар ММК менен эксперттердин катышуусунда “Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары: маселелер жана өнүгүү келечектери” деген темада тегерек стол да өттү.
Аталган иш-чараны Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана маданият министри уюштурду. Иш-чарага ЖКнын депутаттары, президенттин аппаратынын, Өкмөттүн аппаратынын, министрлик менен мекемелердин өкүлдөрү, белгилүү коомдук ишмерлер, ММК өкүлдөрү катышты. Көргөзмөнү вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жана КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова ачып берди.