Кыргыз мушкери Дастан Шаршеев КМШ өлкөлөрүнүн арасында белгилүү болгон "OCTAGON" уюму менен 4 жылга келишим түздү. Мындай маалымат аталган уюмдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, кыргыз мушкери жеңил салмакта 4 беттешке келишим түзгөн. Анын алгачкы беттеши качан жана атаандашы ким болору азырынча белгисиз.
Дастан Шаршеев 14-август күнү Бишкек шаарында өткөн "Open fighting champion 8" аттуу эл аралык турнирде коңшу өзбекстандык Мавлон Кахоров аттуу мушкер менен кез келип, беттеш тең чыгуу менен аяктаган.