Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий мажлисинин сенатынын төрайымы менен жолукту

Бүгүн, 21-сентябрда президент Садыр Жапаров өлкөгө расмий сапары менен келген Өзбекстандын Олий мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар парламент аралык жана регионалдык эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

"Мамлекет башчысы Өзбекстандын парламентине парламент аралык жана регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле ушул жылдын мартында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга ар тараптуу көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Олий мажлис сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева Кыргыз өлкөсүндө Садыр Жапаровдун бардык тармактарда жүргүзүп жаткан реформаларынын натыйжасында болуп жаткан жакшы өзгөрүүлөрдү белгиледи.

Ошондой эле Танзила Нарбаева Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин жалпы кыргыз элине чын дилден бакубаттуулук каалоосун жеткирди.

Ал Өзбекстандын парламенти ушул жылдын мартында Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын ишке ашуусуна ар тараптуу көмөк көрсөтөрүнө ишендирди. Анын айтымында, мамлекеттик сапардын жүрүшүндө биргелешкен күн тартибиндеги бардык актуалдуу маселелерди чечүүгө мүмкүн болду", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуу соңунда президент Садыр Жапаров Танзила Нарбаевадан Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевге жылуу салам айтууну өтүнүп, ошондой эле боордош өзбек элине тынчтык, бакубатчылык жана мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан