"Жылаңач баатыр" долбоорунун жеңүүчүсү, "Шаардык кыз Аида..." деп обон созгон ырчы Марстын үлпөт тою борбор калаадагы тойканалардын биринде өтүүдө.
Тойдо эки жашты шоумен Манас Алыкулов жар-жар айтып залга алып кирди. Ошондой эле ырчылардан Ишен Назаров тойго катышууда.
Тойду ата-энесинин туугандары колуна алган. Ал эми ырчынын жубайы чыгармачылыктан алыс экендигин кошумчалап кетели.
Эске салсак, ырчы сүйүктүүсүнө апрель айында баш кошуу тууралуу сунуш кылган.
Марс 1988-жылы 10-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. Кесиби боюнча инженер-механик. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын бешинчиси. Анын репертуарында "Аида", "Кайгырба", "Жаш кездин күндөрү", "Заман" жана башка ырлары бар.