Казакстан эл аралык чалуу кодун өзгөртүүнү пландап жатат

Казакстанда байланыш операторлорунун жаңы эл аралык +7ден +997 кодуна өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү, инновация жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, азыр министрлик байланыш операторлору менен бирге жаңы кодго өтүүнүн деталдуу планын иштеп жатат.

"План боюнча улуттук кодду 2023-жылы өзгөртүүнү пландап жатабыз. Бирок 2025-жылга чейин эки код тең (азыркы дагы) жарай берет. Азыр министрлик байланыш операторлору менен бирге өтүүнүн деталдуу планын иштеп жатат", - деген министрликтин маалымат кызматынан.

Эске сала кетсек, буга чейин Казакстанда эл аралык телефон чалуу коду +7ден +997ге чейин өзгөрөрү айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-09-22 00:25:30
Бизге жакындагысы келип атыры гой
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан