Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында алгачкы ирет эки бейтапка жасалма кулак калканы (протез) салынды. Бул тууралуу аталган окуу жайдын сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жасалма кулак калканы аял кишиге жана өспүрүм балага тагылган.
Окуу жайдын микрохирургу, медицина илимдеринин кандидаты Шухрат Буваевдин айтымында, жасалма кулак калканы жогорку медициналык силикондон жасалган жана чыныгы кулактан эч айырмаланбайт. Ал табигый түскө ээ. Ошондой эле сырткы түзүлүшү да адамдын терисине абдан окшош болуп, жумшак келет.
"Протез кулак кандайдыр бир себептер менен кулак калканынан айрылган же тубаса кулагы жок төрөлүп, өзүн ыңгайсыз сезген адамдарга жакшы мүмкүнчүлүк ачты. Ал тек гана сырткы көрүнүштү жакшыртпастан, чыныгы кулак аткарган кызматты да аткара алат. Мисалы, үн толкундарын угуу каналын алып берүү менен угууну дагы да жакшыртат.
Ошондой эле көз айнек жана угууну күчөткөн жабдыктарды тагынууга да шарт түзөт", - деп билдирген Шухрат Буваев.
Белгилей кетсек, бейтапка протез кулак тагуу Орто Азияда алгачкылардан болуп Кыргыз өлкөсүндө ишке ашты. Бул Борбордук Азияда уникалдуу операциялардын бири болуп саналат.