Пермь: Тимур Бекмансуровго операция жасалып, бир буту кесилгени айтылды

Пермдеги университетте ок чыгаруу менен 6 адамдын өлүмүнө себеп болгон Тимур Бекмансуровго операция жасалып, сол буту кесилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал азырынча эсине келе элек, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган. Учурда абалы оор деп бааланууда. Ошондой эле жандандыруу бөлүмүнөн атайын палатага которулганы да маалым болду.

Мындан тышкары дарыгерлер Тимур Бекмансуров бир катар оор жаракаттарды алганы үчүн бөйрөк жетишсиздигине дуушар болушу ыктымал экендигин айтышкан.

Эске салсак, Пермдеги университеттеги каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү орун алган. Анда Тимур Бекмансуров аттуу юридикалык факультеттин 1-курсунда окуган студент 12 калибрдүү куралы менен окуу жайга кирип келип, бир канча жолу ок аткан. Анын огунан улам 6 адам каза таап, ондогон жаран жаракат алган. Полиция кызматкерлери Тимур Бекмансуровду жарадар кылып колго түшүрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
KG-312
2021-09-22 03:39:39
Өлүп эле калганы жакшыда эми ал канкор.
+2
Katrina.
2021-09-22 09:13:36
Олду деп айтып жатышат эле кече,тушунуксуз.
+1
Jibani
2021-09-22 12:24:02
Katrina.,ар кайсы сайттар ар кандай маалымат берип жатат,ал тируу деп кече чыкты го
+2
Rusi79
2021-09-22 12:41:39
Баардык колу бутун кесип таштасын омур бою мунжу болуп азап тартса экен.
+2
Taalaibek.
2021-09-22 12:52:38
Тимур Бекмансуров озу ким?
0
uli1234
2021-09-22 14:40:55
Taalaibek.,ырчы
+2
Gulina90
2021-09-22 16:21:56
Канча адамдын убалына калды,озу болсо жарым Жан болду эссиз бала.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан