Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясындагы кайрылуусунда инвесторлорду өлкөгө чакырды

Президент Садыр Жапаров "Үмүт аркылуу туруктуулукту жогорулатуу - COVID-19дан кийинки кайра жаралуу, туруктуу калыбына келүү, планетанын муктаждыктарына жооп берүү, адам укуктарын сыйлоо жана Бириккен улуттар уюмунун ишин активдештирүү" темасына арналган БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында видеокайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Кыргыз өлкөсү кылым карыткан мөңгүлөр, дарыялар жана тоо экосистемасынын биоартүрдүүлүгү да жоголуу коркунучунда турат. Быйыл ЮНЕСКОго "Тоо мөңгүлөрүн сактоо жөнүндө" резолюцияны демилгелеп жатабыз жана ошол эле учурда Кыргыз мамлекети аркылуу киргизилип, жакында эле БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан бекитилген "Табият чек араны тааныбайт" аталышындагы токтом жоболорун аткаруу үчүн эл аралык өнөктөштөр менен иштеп жатабыз", - деди президент Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы бул боюнча үмүт артарлык жетишкендиктер бар экенин белгиледи. Мисалы, ак илбирс асыл жаныбары байырлаган өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен биргелешип иштөөнүн натыйжасында, ак илбирс тукумунун жок болуп кетишине жол бербөө мүмкүн болду.

"Ошол эле учурда Кыргыз өлкөсү 2050-жылга карата көмүртек бейтараптыгына жетишүүгө аракет кылат. Кыргыз экономикасы акырындык менен “жашылданып жатат”, көмүрү жок энергия булактары барган сайын көбүрөөк ишке киргизилет, бул биринчи кезекте гидроэлектр станцияларында ишке ашырылат. Кыргыз өлкөсү өз аймагында энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында экологиялык таза энергия булактары болгон ГЭСтерди куруу боюнча бир катар долбоорлорду акырындык менен жүзөгө ашырууга ниеттенүүдө.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө заманбап, экологиялык жактан таза жана арзан энергия менен камсыз кылууга жетишүү 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү документинде көрсөтүлгөн глобалдык өнүгүү максаттарына жетүү үчүн өтө маанилүү. Кыргыз өлкөсүндө ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу Борбор Азия өлкөлөрүнүн гидроэнергетикага болгон муктаждыгын канааттандырат. Ошону менен биздин бүтүндөй аймактын туруктуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт деп ишенебиз. Суу-энергетика комплексинде, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде, Париж келишиминин духунда өз ара пайдалуу кызматташууга инвесторлорду чакырам", - деди Садыр Жапаров.

Ал Кыргыз өлкөсүнүн дүйнөлүк коомчулуктан, БУУ жана эл аралык каржы институттарынан тоолуу өлкөлөрдүн, өзгөчө деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү болбогон мамлекеттердин экосистема көйгөйлөрүн чечүүгө өзгөчө көңүл буруп, колдоп берет деген ишенимин билдирди.

"Буга байланыштуу биз туруктуу өнүгүү, климаттын өзгөрүшү, ага ыңгайлашуу жана анын алдын алуу, тоо-токойлору жана биоартүрдүүлүк, табигый кырсыктар, тоо коомчулуктарын колдоо боюнча программаларды ишке ашырууда тоолуу өлкөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн БУУнун алкагында атайын глобалдык фонд түзүүнүн учуру келди деп эсептейбиз", - деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Antiradikal3
2021-09-22 01:57:38
"Колхоз" да турган турпаты менен. Жарым абстракт, жарым лохотрон нерселерди айтыптыр. Биз комурдон баш тартпай эле кайра комурго отуп жатабыз, коншуларга токту 1 сомдон экспорт кылып, кышында алардан 5 сомдон кайра импорт кылып сатып алып. Башыбыз "катуу" иштейт да. Электр энергиясына тарифтерди которобуз деп тополон кылып, акыры элдин турун коруп оюн озгорттубу же шайлоо отсун анан кайра бул теманы козгойм дедиби, айтор электр энергиясына баа которулсо эл комурго отпогондо к
-1
Antiradikal3
2021-09-22 02:01:45
Кымбат ток иштетмек беле кышында? ТЭЦ бардык шаарларда боло бербесин Жапаров билбесе керек да. Ансыз да кышы менен кыйналып, ай сайын 7-10 мин сомдон токко акча толоп кыштан чыккан жарандарыбыз ошончо, комурго отсокпу деген... ГЭСтерди курам дейт, кайсы акчана ГЭС курасын айтчы, же Озбекистан куруп берет деп ишенип жатасынбы? Озбекистан 1 миллиард долларга ГЭС курса бизге, 2 миллиарддык сметаны корсотот да, токту 5 сомдон сатат. Ошону каалап жатасынбы же?!
0
Medina87
2021-09-22 02:04:14
Биз Кыргызстан Тоолуу олкобуз,Биздеги Монгулордун Суусунун негизинде ГЭСтерди куруп, озубуздун жана Коншу Олколордун Кызыкчылыгын коздоодобуз- деп айткан экен.
А эмнеге Газификация Кыргызстанда онугууго болбойбу??
Коншу Мамлекеттер сыяктуу - деген суроолор???
0
Antiradikal3
2021-09-22 02:05:24
Баса, ГЭС куруудан мурун олкодогу суу сактагычтарды башкасына бере калалы деген ким? Советабадды алгандын ордуна Кемпир-Абадды бере калалы деп Ташиев экоон катуу оолуктун эле го? Озбектер ошол Кемпир-Абаддын суусуна эле, плотинасына 2 ГЭС куруп алышкан. Советабадды алсан ошол 2 ГЭС да отот беле? Ошол плотина да, ГЭС турган жерлер да кыргыздын жери болчу. Ошону алганга жарабай ГЭС курам деп коет дагы...
+2
Antiradikal3
2021-09-22 02:08:34
Монгулор талкаланып жатат дейт. Монгулор талкаланбашы учун бийликке келгенде эле Кумтор баш болгон алтын-кумуш кендеринин ишин токтотуп кою керек эле. Монгуго жакын жерде эч кандай ишкана иштебесин деп мыйзам чыгартып кою керек эле. Монгулор талкаланып жатса ошого жол берген бийлик эмей ким?

Башкалар к### менен кулгон чыгаар, оздору монгулорун талкалатып алып, туштон кийин монгулор талкаланып жатат деп ыйлактаганы эмнеси деп........
+2
Medina87
2021-09-22 02:19:26
Antiradikal3,
Башкалар эмес БУУ кулгон чыгаар к### менен болбосо да мыйыгы менен)))
+1
Zumrudianka
2021-09-22 06:44:00
Antiradikal3,ой акылдуу чукулуп буткон кумторду жаап, анырайып оюулуп калган экономиканы сен котуну сатып толтурасынбы
+1
Antiradikal3
2021-09-22 13:25:00
Zumrudianka, Жапаров менен Ташиевдин жугундусуна эч тойбос болдун да.

Жапаров калп айтат, Кумтордо алтын коп, Атамбаев кетээринде ЖК ото чон аймакты, болгондо да коруктун аймагын Кумторго карматып кетишкен. Бирок кандай болгондо да жаратылышыбыз, монгулорубуз алтындан кымбат. Кумтордун ишин токтотуу керек.....
+1
Antiradikal3
2021-09-22 13:27:55
Zumrudianka, экинчиден сен котуну сатасынбы жокпу андан экономика онукпойт. Экономика онунушу учун биринчи олкодо коррупцияны, тааныш-билиштикти жою керек, экинчиден жаны жумуш орундары тузулуусуно шарт тузуу керек.

Бизде коррупция менен курош жургон жери жок, болгону шоу болуп жатат. Жаны жумуш орундары тузулуп мигранттар кайтып жаткан жери жок. Казыналагы акчалар керексиз нерселерге коротулуп жатат миллиондоп. Ким бироодордун чонтогун толтуруп жатат. Ага бийлик куноолуу.
0
Mister-XXX
2021-09-22 20:13:38
Antiradikal3,Сен кенири ой жүгүртчү.Коррупция менен бат эле курошууго биздин система даяр эмес.Коррупционер деп камаса,артынан туугандары чыгып жатат.Эгер баарын бир учурда камаса,өлкөдө ызы-чуу көбөйөт.Баарын акырындан башташ керек.Биз демократиялуу өлкөбүз.Бизде 2 миңден ашык чет элдик уюм бар.Алар да башаламандыкты жаратууга кызыкдар.Президент керек учурда душманды жактап сүйлөйт,керек учурда жакшы адамды сындап сүйлөйт.Ак үйдүн ичинде толтура сыр жатат.Баарын эле элге ачык айта бергени болбо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан