Аруу тилектер айтылып... Ырчы Марс мырзанын үлпөт тоюнан репортаж

"Жылаңач баатыр" долбоорунун жеңүүчүсү, "Шаардык кыз Аида..." деп обон созгон ырчы Марс мырзанын үлпөт тою борбор калаадагы тойканалардын биринде өттү.

Тойго көптөгөн шоу-бизнес өкүлдөрү келип, чыгармаларын жандуу аткарышты. Алардын катарында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асель Турдалиева, ырчылар Ильяз Андаш, Ишен Назаров, Тима Мукашев жана башкалар болду.

Ырчы мырзанын үлпөт тоюндагы кызыктарды толугу менен видеодон көрүңүз.

Эске салсак, ырчы сүйүктүүсүнө апрель айында баш кошуу тууралуу сунуш кылган.

Марс 1988-жылы 10-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. Кесиби боюнча инженер-механик. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын бешинчиси. Анын репертуарында "Аида", "Кайгырба", "Жаш кездин күндөрү", "Заман" жана башка ырлары бар.

Ырчы Марс үйлөндү. Өкүнүч, кубаныч, тилек, үмүт камтылган тойдон репортаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nuret94
2021-09-22 07:28:40
Ким бул?
+2
Mister-XXX
2021-09-22 20:17:44
Nuret94,Тааныбайт экем.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан