Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлдү. Октябрь РИИБинин маалыматына караганда, учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда.
Маалым болгондой, 14-августта Т.Ж. аттуу тургун арыз менен укук коргоочуларга кайрылган. Анда 23-майда бөлүп төлөө менен Toyota Will автоунаасын алган жаран Б.Ш. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
"Унаанын баасы 400 миң сом, сатып алуучу 200 миң сомун берген. Андан кийин убадасын аткарбай унааны үчүнчү жактарга сатып, каражатты жеке муктаждыктарына жумшап, изин жашырып жүргөн.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1985-жылы туулган Б.Ш. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кармалган жарандын мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жоктугу такталып, тергөө иштери улантылууда", - дешти мекемеден.
Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо төмөнкү номерлерге кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0(508) 08-00-88, 0(500) 12-00-17 же 102.