"Манчестер Юнайтеддин" чабуулчусу Криштиану Роналду алдамчылардын туткунуна кабылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Криштиану Роналду 2007-жылы банк картасынын пин коддорун туристтик компанияга ишенип тапшырган. Компаниянын кызматкерлеринин бири футболчунун атынан дээрлик 200 саякат үчүн акчаны эсептен чыгарган. Жалпысынан чыгым 288 миң еврону (болжол менен 28 миллион 615 миң 726 сом) түзөт.
Бул тууралуу португалиялыктар 10 жылдан кийин гана билишип, 2017-жылы алдамчылыкка шектелген аял төрт жылга эркинен ажыратылган жана бардык чыгымдарды кайтарып берүүгө милдеттендирилген.
Ошондой эле аялдын Роналдудан тышкары Нани, Мануэль Фернандеш жана Жорже Мендеш аттуу футболчуларга карата да алдамчылык кылганы маалымдалган.