Жалал-Абад облусунда жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын жыйынтыгында мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы наркы 1 миллион 854 миң сомду түзгөн алкоголдук ичимдиктер аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашат.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматы УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Жалал-Абад шаарында күмөндүү акциздик маркалар менен алкоголдук продукцияларды мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысы аныкталган.
Натыйжада жалпы наркы 1 миллион 854 миң сомго бааланган ар кандай аталыштагы 6 миң 689 бөтөлкө алкаголдук ичимдик табылган.
Алардын сатуу иштери менен алектенген жарандардын ишине чектөө коюлуп, аныкталган алкоголдук продукциялар өлкө мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн УКМКнын тиешелүү аймактык органына өткөрүлүп берилгени кабарланды.