УКМК: Караколдогу митингдин эки катышуучусуна карата чара көрүү өзгөртүлдү

УКМКнын кызматкерлери жүргүзгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында  Караколдогу митингдин эки катышуучусу 1963-жылы туулган Мирзат Бейшенбаев жана 1969-жылы туулган  Нурлан Бектургановдун баш аламандыкты уюштурбагандыгы аныкталып, аларга карата чара көрүү өзгөртүлдү. Бул тууралуу 6-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, М.Бейшенбаев менен Н.Бектурганов 7-октябрда Каракол шаарына келишкен. Митингдин уюштуруучулары акча, азык-түлүк жана алкоголдук ичимдиктерди беребиз деп сунушташкандан улам булар аталган митингге катышып калышкан. УКМКнын иликтөө кызматы тарабынан М.Бейшенбаев менен Н.Бектургановдун Караколдогу нааразылык акцияны уюштургандыгы аныкталган жок. Азыркы тапта эки жаранды СИЗОдо кармоо боюнча чечими жокко чыгарылды. УКМКнын кызматкерлеринин ар тараптуу изилдөөлөрүнөн кийин акцияны уюштурду деп кармалгандардын экөөсү жашаган жеринен башка жакка чыкпоо көрсөтмөсү менен бошотулсун деп сотко кайрылышкан.  Жогорку арыздын негизинде 2013-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту М.Бейшенбаев менен Н.Бектургановду бошотту. Учурда УКМКнын СИЗОсунда 12 айыпталуучунун 8и отурат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан