Нарында ширетүү иштериндеги коопсуздук эрежелери сакталбай, өрт чыкты. Анын кесепетинен унаа толук күйүп кетти. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашат.
Белгилүү болгондой, 21-сентябрда Кара-Ой айылында көчөдө токтоп турган унаадан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 17:00дө өрт чектөөгө алынып, саат 17:08де толук өчүрүлдү.
"Өрттүн кесепетинен Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа толук күйүп, жакын жайгашкан бак дагы күйүп кетти. Өрт электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан келип чыккан", - дешти мекемеден.