Италиялык сүрөтчү Дарио Гамбарин буудай талаасына орус жазуучусу Фёдор Достоевскийдин портретин түшүрдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, көркөм объект жазуучунун 200 жылдыгына карата уюштурулган. Сүрөтчү Гамбарин портретти трактордун жардамы менен жараткан жана аянты 25 миң чарчы метрди түзөт. Чийменин үстүнө сүрөтчү англис тилинде "Сулуулук дүйнөнү сактайт", ал эми астына жазуучунун фамилиясын орус тилинде жазган.
"Сулуулук бизге керек. Сулуулук жана гармония бизди бул пандемиядан куткарат. Ошондой эле айлана-чөйрөнү сактоонун куралы болуп саналат", - деген Дарио Гамбарин.
Жалпысынан портретти жаратууга 9-10 сааттык убакыт кеткен жана 7-10 күн аралыгында портрет өчүп кетет.
Белгилей кетсек, сүрөтчү Гамбарин буга чейин көптөгөн атактуулардын портретин тарткан. Мисалы, Барак Обама, Дональд Трамп, Нельсон Мандела, Фидель Кастро жана 2017-жылы Владимир Путиндин портретин тарткан. 1993-жылдан бери Италия жана Европанын шаарларында жеке көргөзмөлөрүн өткөрүп келет. Ошондой эле ал өзүнүн сүрөттөрү менен тынчтыкка жана адилеттүүлүккө чакырык таштап келет.