Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов азык-түлүктөр кымбаттап жатканы боюнча маселе көтөрдү.
"Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө кымбатчылык кокого жетти. Карапайым эл кыйналып жатат. Бензиндин баасы 62 сомго чыкты. Кээ бир үйлөрдө айлап эт жебей калган күндөр болуп жатат. Азык-түлүк кымбаттады. Бул боюнча министрлер кабинети оозун ачпай жатат. Бул боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы келип маалымат берсин", - дейт ал.