Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Венгрия курама командасын Англия менен болгон оюндагы күйөрмандардын жүрүм-туруму үчүн жазалайт. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, 2-сентябрда өткөн Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюну Будапешттеги "Пушкаш Арена" стадионунда өткөн. Оюн башталганда эле Венгриянын күйөрмандары теги африкалык англиялык футболчуларга маймылдардын үнүнө окшош кемсинтүүлөрдү айтып кыйкырышкан. Мындан тышкары, күйөрмандар Англия футболчуларына көз айнек, сыра жана дарбазага жакыныраак жерге даарат кагаздарын ыргыткан.
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон беттештен кийин күйөрмандардын жүрүм-турумун кабыл алынгыс деп атаган. Ал ФИФА уюмун Венгрия курамасына каршы кескин чараларды көрүүгө чакырган.
Эми жаза катары Венгрия курама командасы өз үйүндө өтө турган кийинки эки беттешти күйөрмандарсыз өткөрөт. Ошондой эле дээрлик 185 миң евро айып төлөшү керек. Муну менен Венгрия 9-октябрда өз үйүндө өтө турган Албания курамасына каршы оюнду күйөрмандарсыз өткөрөт.
Оюн 4:0 эсебинде Англиянын жеңиши менен аяктаган.