Ысык-Көл облусунда УКМКнын жалган кызматкери кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 20-сентябрда Ысык-Көл облустук криминалдык милициясына Чолпон-Ата шаарындагы дарыканалардын биринде өзүн УКМКнын кызматкеримин деп күбөлүгүн көрсөтүп, 5 миң сом талап кылып жаткандыгы боюнча билдирүү түшкөн.
"Тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө анын УКМКнын жалган кызматкери экени аныкталды. Ал Чүй облусунун тургуну, 34 жаштагы Д.А. болуп чыкты", - деп билдиришти облустук милициядан.
Кармалган Д.А. Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Милиция кармалган адамдан жабыркаган же ал жөнүндө кандайдыр бир маалыматы бар жарандардан 102, 03943 4-39-80, 0709 331 515 номурлары аркылуу кабарлап коюуну суранат.