Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Өзбек эл аралык бизнес-форумунда 10 миллион доллардан ашык суммага келишим түзүлдү

Бишкек шаарында өткөн кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын эл аралык бизнес-форумунда 10 миллион 300 миң долларга келишим түзүлдү. Бул тууралуу Өзбекстан Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева форумдун расмий жабылышында билдирди.

"Биз бир күндө көптөгөн келишимдерди түзүүгө жетиштик. Эгерде убакыт көп болсо, бизде дагы канча мүмкүнчүлүктөр бар экенин элестетип көрүңүз. Ошондуктан биз бүгүнкү форумду үзгүлтүксүз улантып турууну чечтик. Келерки жылы баарыңарды Өзбекстанга чакырабыз, андан кийинки жылы кайра Кыргыз өлкөсүндө болот. Ошентип ал дайыма иштөөчү платформага айланат", - деген Нарбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан