Аэропортко бара жаткан жолдо жөө адамды өлтүрө сүзгөн мотоциклдин айдоочусу үй камагына чыкты

Сокулук райондук соту жөө адамды өлтүрө сүзгөн мотоциклдин айдоочусун үй камагына чыгарды. Бул туурасында Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүнүн туруктуу жашаган жери, үй-бүлөсү жана балдары бар экендиги аныкталган. Мындан тышкары шектүүнүн колунда улгайган ата-энеси бар. Бул жагдайды эске алуу менен жана соттон жана тергөөдөн качпоо тил каты менен шектүү үй камагына чыгарылды.

Эске салсак, 19-сентябрда "Манас" аэропортуна кеткен жолдо мотоцикл аялды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 50 жаш чамасындагы аял каза болгон. Ал эми мотоциклди 1992-жылы туулган айдоочу башкарып бара жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан