Ош. Эстрада ырчысы Сапар Эркебаев үйлөнүү тоюн белгилеп жатат
Бүгүн, 6-ноябрда Ош шаарында эстрада ырчысы Сапар Эркебаев өзүнүн үйлөнүү тоюн өткөрүүдө. Ырчы мырзанын келинчеги Айгерим 21 жашта. Учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын 5-курсунун студенти. Жердиги Өзгөндөн. Сапар ырчынын айтымында, келинчеги экөө мындан 7 ай мурун Жалал-Абад шаарында стадиондо концерт учурунда таанышышкан.