Бишкекте Күрөш федерациясынын Кубогу үчүн эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу маалыматты Бишкек жана Чүй облусу боюнча Күрөш федерациясынын президенти Эмил Жамгырчиев билдирди. Анын айтымында, мелдештин ачылуу аземи 29-сентябрда саат 17:00дө борбор калаадагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болот.
“Кыргыз өлкөсүнөн 500гө жакын спортчу катышканы турат. Ошондой эле коңшу өлкөлөрдөн жана Ирандан балбандар келет. 28-сентябрда балбандар күрөшө баштайт, ал эми 29-сентябрда жарым финал жана финалдык беттеш болот. Мелдештин ачылуу жана жабылуу аземи да ошол күнү өтөт, кирүү акысыз. Манасчы Дөөлөт Сыдыков, ырчылар Мирбек Атабеков, Кайрат Примбердиев, Гүлзада Рыскулова жана башка ырчылар келет. Ошондой эле эл аралык мелдешке Токио Олимпиадасынын байгелүү орундарынын ээси Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарованы ардактуу конок катары чакырып жатабыз", - дейт Эмил Жамгырчиев.